31-берене. Волонтерлордун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 5-глава
1. Пробациянын бир волонтеруна жүктүн нормативи пробациянын 10 кардары деп белгиленсин.
2. Планды жана жеке программаны ишке ашыруу максатында волонтер төмөнкүлөргө укуктуу:
1) пробация органынын тапшырмасы боюнча бузуу фактылары боюнча түшүндүрмөлөрдү ылгоого, пробациянын кардарлары жөнүндө пикирлерди чогултууну жүзөгө ашырууга, аларга мүнөздөмөлөрдү түзүүгө;
2) пробация органынын жана анын кызмат адамдарынын талаптарын, суроо-талаптарын мамлекеттик жана башка органдарга, менчигинин түрүнө карабастан мекемелерге, уюмдарга жана ишканаларга берүүгө жана алардан тиешелүү жоопторду, маалымкаттарды жана башка документтерди алууга;
3) пробациянын кардарларынан коомдук тартипти сактоону, моралдын жана коомдук турмуштун жалпы таанылган ченемдерин бузган укук бузууларга жана аракеттерге жол бербөөнү талап кылууга;
4) пробациянын кардарларынан планды жана программаны сактоону талап кылууга.
3. Волонтер төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) пробация органы тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга;
2) планды жана программаны аткарууда пробациянын кардарына көмөк көрсөтүүгө;
3) пробация органдарынын персоналынын мыйзамга каршы келбеген көрсөтмөлөрүн аткарууга;
4) пробациянын кардары менен жакын жана туугандык байланыштарынын бар экендиги жөнүндө пробация органына билдирүүгө;
5) пробациянын кардары пробациялык милдеттерин аткарбаган учурда, ошондой эле ал укук бузуу жасаганда пробация органына дароо билдирүүгө.
4. Волонтерго төмөнкүлөр тыюу салынат:
1) пробация органына кабардар кылбай туруп пробациянын кардарлары менен иш-чараларды өз алдынча өткөрүүгө;
2) пробациянын кардарлары жөнүндө маалыматтарды ачыкка чыгарууга;
3) пробациянын кардарлары менен кызматтык эмес байланыштарды түзүүгө;
4) соттолгон адамдын жүрүм-турумуна терс таасир этүүчү башка аракеттерди жасоого.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
31-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-31" title="31-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>