# 30-берене. Пробациянын волонтерлоруна карата негизги талаптар

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 30-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-30

---

1. Пробациянын волонтерлору төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) 18 жаш куракка толушу;

2) бүткөрүлгөн жалпы орто, орто кесиптик же жогорку билиминин болушу;

3) окуган же иштеген жеринен оң сунуштамалар;

4) психоневрологиялык жана наркологиялык диспансерде каттоодо турбагандыгы;

5) демилгелүүлүгү, командада иштей билүүсү, жоопкерчиликтүүлүгү;

6) соттуулугунун жоктугу.

2. Волонтерлорду тандоо пробация органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

3. Волонтер катары иштөө үчүн тандалган талапкерлер атайын окутуудан өтөт. Окуудан өткөн адамдарга волонтер катары иштөөгө жол берилет.

4. Волонтер катары иштөөгө жол берүү жөнүндө чечим пробация органы тарабынан кабыл алынат.

5. Волонтер катары иштөөгө жол берилген адамга волонтердун статусун ырастоочу, белгиленген формадагы ырастама берилет.

6. Волонтерлор пробациянын белгилүү бир кардарларына бекитилет.

7. Волонтерлорду тандоо жана алардын иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-31)
