# 3-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 3-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:

1) пробация - бул инсанды социалдык изилдөөгө негизделген жана пробациянын кардарларын түзөөгө, алардын укук бузууларды жасоосунун алдын алууга, аларга социалдык көмөк көрсөтүүгө жана аларга карата кайра социалдаштыруу боюнча чараларды көрүүгө багытталган жеке социалдык-укуктук программаларга алардын катышуусунда аларга карата мамлекеттик мажбурлоо, коомдук таасир этүү чараларынын комплексин колдонуучу мамлекеттин социалдык-укуктук институту;

2) пробациялык баяндама - инсанга жүргүзүлгөн социалдык-психологиялык изилдөөлөр, социалдык-тиричилик шарттарын жана кылмыш жасоого түрткү берген башка жагдайларды жана коомдон обочолонтуу жана кылмыш-жаза укуктук жазалар жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган, жазык жазаларын колдонуу мүмкүндүгү (мүмкүн эместиги) жөнүндө жыйынтыгы боюнча пробация органдарынын корутундусу;

3) пробациялык көзөмөл - пробациянын кардарларына сот тарабынан аларга жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын жана пробациялык милдеттердин аткарылышы жана алардын жүрүм-турумуна контроль боюнча пробациялык көзөмөлдө турган адамга карата аны оң жолго салуу жана кайра социалдаштыруу, жүрүм-турумун түзөө, ошондой эле алардын жаңы укук бузууларды жасоолорун алдын алуу максатында жеке иштелип чыгуучу жана ишке ашырылуучу социалдык-укуктук мүнөздөгү чаралардын комплексин колдонуу боюнча пробация органынын иши;

4) пробация органы - коомдон обочолонтуу жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары менен байланышпаган жаза жазаларын аткарууну, түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган, жазаны аткаруу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү социалдык-укуктук иш-милдеттерди аткаруу менен, ошондой эле укук бузуулар үчүн жаза чараларынын түрлөрүн жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

5) социалдык көмөк көрсөтүү - социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программаларынын негизинде пробациянын кардарлары оор турмуштук кырдаалдан арылуусуна багытталган чаралардын комплекси;

6) кайра социалдаштыруу - пробациянын кардарынын жазаны же кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чарасын өтөгөндөн кийин аны коомго оң интеграциялоого түрткү берүүчү социалдык байланыштарды калыбына келтирүү процесси;

7) социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы - пробация органы тарабынан түзүлүүчү пробациянын кардарынын инсандыгын жана керектөөлөрүн иликтөөгө негизделген социалдык-укуктук жардам көрсөтүү программасы;

8) оор турмуштук кырдаал - адамдын алардын кесепеттеринен өз алдынча арыла албаган укук бузууларды жасоонун себептери жана шарттары болуп саналган объективдүү жана жеке кырдаалдардын жыйындысы;

9) пробация тутуму - пробациянын милдеттерин аткарууга жана максаттарына жетишүүгө тартылган пробация органдарынын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомчулуктун жыйындысы;

10) социалдык турак жай - мамлекеттик, муниципалдык же жеке менчикте турган жана пробациянын кардарларынын туруктуу же убактылуу жашап туруусу үчүн арналган турак жайлар, анын ичинде адистештирилген турак жай фондунун турак жайлары.

11) пробациянын кардарларынын тобокелдигин баалоо жана классификациялоо тутуму - пробациянын кардарларынын криминологиялык жана социалдык-психологиялык диагностика аркылуу жаңы кылмыштарды жасоо тобокелдигин аныктоо, андан кийин пробациянын кардарларын тобокелдик даражасына жараша классификациялоо;

12) электрондук көзөмөл - пробация органдарынын сот тарабынан пробация кардарларына жүктөлгөн көзөмөлдүк талаптардын сакталышына жана пробациялык милдеттердин аткарылышына электрондук-техникалык түзүлүштөрдү колдонуу менен жүзөгө ашыруучу көзөмөлү.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-4)
