# 29-берене. Коомчулукту пробация органдарынын ишине тартуу

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 29-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-29

---

1. Пробациянын бардык түрлөрүндө максаттарга натыйжалуу жетишүү жана милдеттерди аткаруу максатында пробациянын кардарларынын жүрүм-турумун түзөөгө жана оңдоого катышууга коомчулук жана волонтерлор ыктыярдуу негиздерде тартылат.

2. Коомчулуктун жана волонтерлордун пробацияга катышуусу төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

1) пробациянын кардарларына тарбиялык таасир этүүдө пробация органдарына жардам берүү;

2) консультациялык юридикалык жардам көрсөтүү;

3) пробациянын кардарларына социалдык адаптацияланууда, үй-бүлөлүк, туугандык жана башка социалдык-пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү;

4) реабилитациялоо борборлорун түзүү жана аларга пробациянын кардарларын жайгаштыруу;

5) кайрымдуулук жардамын көрсөтүү;

6) пробациянын максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген иштин башка багыттары.

3. Коомчулуктун пробациянын кардарлары менен иши пробация органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-30)
