29-берене. Коомчулукту пробация органдарынын ишине тартуу
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 5-глава
1. Пробациянын бардык түрлөрүндө максаттарга натыйжалуу жетишүү жана милдеттерди аткаруу максатында пробациянын кардарларынын жүрүм-турумун түзөөгө жана оңдоого катышууга коомчулук жана волонтерлор ыктыярдуу негиздерде тартылат.
2. Коомчулуктун жана волонтерлордун пробацияга катышуусу төмөнкүдөй багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:
1) пробациянын кардарларына тарбиялык таасир этүүдө пробация органдарына жардам берүү;
2) консультациялык юридикалык жардам көрсөтүү;
3) пробациянын кардарларына социалдык адаптацияланууда, үй-бүлөлүк, туугандык жана башка социалдык-пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүүгө жардам көрсөтүү;
4) реабилитациялоо борборлорун түзүү жана аларга пробациянын кардарларын жайгаштыруу;
5) кайрымдуулук жардамын көрсөтүү;
6) пробациянын максаттарына жана милдеттерине карама-каршы келбеген иштин башка багыттары.
3. Коомчулуктун пробациянын кардарлары менен иши пробация органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-29" title="29-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>