# 28-берене. Жабырлануучу менен жарашуу

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 28-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-28

---

1. Пробациянын кардарынын жана жабырлануучулардын ортосундагы талаштарды (чыр-чатактарды) жөнгө салуу үчүн, ошондой эле тараптардын ыктыярдуу макулдугу боюнча ишке ашырылуучу алардын өз ара алгылыктуу чечимге жетишүүсү максатында пробациянын бардык түрлөрүндө жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү боюнча иш уюштурулат.

2. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн медиатор адистер тартылат.

3. Жарашуу сот органдары тарабынан мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин пробациялык көзөмөлдү жокко чыгаруу, жазаны жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын алмаштыруу, сот тарабынан белгиленген милдеттерди жарым-жартылай же толук жокко чыгаруу жөнүндө маселелерди кароо учурунда, ошондой эле кардардын пробациялык көзөмөлдүн планын аткарышы жөнүндө корутундуну кароодо эске алынат.

4. Жарашуу жол-жоболорун жүргүзүү тартиби жана шарттары медиация чөйрөсүндөгү мыйзамдар менен жөнгө салынат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-29)
