# 27-берене. Медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга көмөк көрсөтүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 27-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-27

---

1. Аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда баңгилик, алкоголизм, токсикомания, кургак учук, ВИЧ/СПИД, гепатит жана башка социалдык маанилүү оорулар менен ооруган пробациянын кардарларына медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга көмөк көрсөтүлөт.

2. Пробациянын кардарларынын медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусу алардын жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун дарылоо-алдын алуу уюмдарында жүзөгө ашырылат.

3. Кургак учук, алкоголизм, баңгилик, токсикомания, венерикалык оорулар, ВИЧ-инфекция, СПИД менен ооруган пробациянын кардарлары жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун уюмдарында дарылоодон өтөт.

4. Медициналык жардам көрсөтүү медициналык тейлөө чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жүргүзүлөт. Пробациянын кардарлары Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасына жыл сайын киргизилип турат.

5. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган баңгилик, алкоголизм, токсикомания, кургак учук, ВИЧ/СПИД, гепатит жана башка социалдык маанилүү оорулар менен ооруган пробациянын кардарлары жашаган жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында же адистештирилген медициналык мекемелерде дарылануусун улантат.

6. Дарылоо-алдын алуу мекемелери пробациянын кардарларынын дарылануудан өтүү тартибин бузгандыгы же андан баш тарткандыгы жөнүндө пробация органдарына токтосуз кабарлайт.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-28)
