# 26-берене. Социалдык пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 26-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-26

---

1. Пробациянын кардарларынын аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда инсандын багыт алуусунун, ченемдеринин жана баалуулуктарынын, социалдык жүрүм-турумунун тиешелүү көндүмдөрүнүн, социалдык статусун сактоосунун, жогорулатуусунун жаңы тутумун калыптандыруу үчүн пробациянын кардарларынын социалдык пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүү жана калыптандыруу боюнча иштер жүргүзүлөт.

2. Пробация органдары пробациянын кардарларынын үй-бүлөсү, туугандары, пробациянын кардарынын жүрүм-турумуна оң таасир этүүчү адамдар, эмгек жамааттары жана окуу жайлары, коммерциялык эмес уюмдар менен социалдык оң байланыштарын чыңдоого көмөк көрсөтөт.

3. Социалдык жардам социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасына ылайык көрсөтүлөт.

4. Пробациянын кардарларынын үй-бүлөлүк жана социалдык пайдалуу байланыштарын калыбына келтирүү, колдоо жана чыңдоо боюнча ишке коммерциялык эмес уюмдар, соттолгондордун туугандары жана алардын жүрүм-турумуна оң таасир этүүчү башка адамдар тартылат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-27)
