# 25-берене. Пробациянын кардарларына социалдык жардам берүү боюнча көмөк көрсөтүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 25-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-25

---

1. Аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда пробациянын кардарларына социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча чаралар көрүлөт.

2. Пробациянын кардарларына социалдык жардам берүү боюнча көмөк көрсөтүү төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) социалдык тейлөө маселелери боюнча консультация берүү;

2) зарыл документтерди жол-жоболоштурууга жардам көрсөтүү;

3) социалдык камсыздоо жана саламаттык сактоо органдарында эсепке коюу.

3. Социалдык жардам социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасына ылайык көрсөтүлөт.

4. Майыптуулукту же эмгекке жарамдуулуктун чектелгендигин аныктоо үчүн пробациянын кардарлары, анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги кардарлары мыйзамдарда белгиленген тартипте медициналык атайын эксперттик комиссияда медициналык күбөлөндүрүүдөн өтөт.

5. Пробациянын кардарларынын социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алуусунун тизмеги жана тартиби социалдык коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аныкталат.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-26)
