# 24-берене. Жоготулган укуктарды калыбына келтирүү, зарыл документтерди алууга жардам көрсөтүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 24-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-24

---

1. Сотко чейинки, аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда пробациянын кардарларына жоготулган укуктарын жана документтерин калыбына келтирүүдө жардам көрсөтүлөт,

2. Пробациянын кардарынын туруктуу жашаган жери болбогон учурда каттоо орду деп эсепке алынган жери боюнча пробация органынын юридикалык дареги, ал эми пенитенциардык пробацияда түзөтүү мекемесинин юридикалык дареги белгиленет.

3. Пробациянын кардарларына жоготулган укуктарын жана документтерин калыбына келтирүү мыйзамдарда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-25)
