# 22-берене. Билим алууга көмөк көрсөтүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 22-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-22

---

1. Кайра социалдаштыруу жана коомдогу турмушка адаптациялоо максатында пробациянын билими жок кардарларына билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда алардын негизги жалпы, жалпы орто билим жана орто кесиптик билим алуусуна көмөк көрсөтүлөт.

2. Пробациянын кардарлары негизги жалпы жана жалпы орто билим алуу үчүн жалпы билим берүү же атайын билим берүү уюмдарына ыктыярдуу негизде кабыл алынат. Соттуулуктун болушу көрсөтүлгөн уюмдарга кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.

3. Жалпы жана кесиптик билим алуу, квалификацияны жогорулатуу билим берүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат.

4. Зарыл учурларда пробациянын кардарларына төмөнкүдөй жардам көрсөтүлөт:

1) билим алуу үчүн документтерди калыбына келтирүүдө;

2) жатакана берүүдө.

5. Пробациянын кардарларынын билим алуусуна жана жүрүм-турумуна контроль мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.

Окуу программасын аткарбагандыгы жана терс жүрүм-туруму жөнүндө мамлекеттик билим берүү уюмдары тез арада пробация органдарына маалымдайт.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-23)
