Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
22-берене. Билим алууга көмөк көрсөтүү
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 4-глава
1. Кайра социалдаштыруу жана коомдогу турмушка адаптациялоо максатында пробациянын билими жок кардарларына билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда алардын негизги жалпы, жалпы орто билим жана орто кесиптик билим алуусуна көмөк көрсөтүлөт.
2. Пробациянын кардарлары негизги жалпы жана жалпы орто билим алуу үчүн жалпы билим берүү же атайын билим берүү уюмдарына ыктыярдуу негизде кабыл алынат. Соттуулуктун болушу көрсөтүлгөн уюмдарга кабыл алуудан баш тартуу үчүн негиз болуп саналбайт.
3. Жалпы жана кесиптик билим алуу, квалификацияны жогорулатуу билим берүү жаатындагы мыйзамдарга ылайык мамлекеттик билим берүү уюмдарында жүзөгө ашырылат.
4. Зарыл учурларда пробациянын кардарларына төмөнкүдөй жардам көрсөтүлөт:
1) билим алуу үчүн документтерди калыбына келтирүүдө;
2) жатакана берүүдө.
5. Пробациянын кардарларынын билим алуусуна жана жүрүм-турумуна контроль мамлекеттик билим берүү уюмдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Окуу программасын аткарбагандыгы жана терс жүрүм-туруму жөнүндө мамлекеттик билим берүү уюмдары тез арада пробация органдарына маалымдайт.
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-22" title="22-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>