# 21-берене. Улгайган жарандар жана майыптар үчүн стационардык социалдык мекемелерге жиберүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 21-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-21

---

1. Аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробация мезгилинде пробациянын кардарлары - улгайган жарандар жана майыптар, ошондой эле өзүн-өзү тейлөөгө же ордунан жылууга жарамдуулугун толук же жарым-жартылай жоготкон жана турак жайга муктаж болгон адамдар туруктуу жашоо үчүн адистештирилген стационардык мекемелерге жиберилет.

2. Пробациялык көзөмөл улгайган жарандар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемелерде болуу эрежелерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-201)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-22)
