# 20-берене. Пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна жиберүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 20-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-20

---

1. Пробация органдары оор турмуштук кырдаалга кабылган пробациянын кардарларын реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жиберүү боюнча ишти жүргүзөт.

2. Реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жиберүү аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробация мезгилинде жүзөгө ашырылат.

3. Ушул берененин 4-бөлүгүн кошпогондо, реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Түзөтүү мекемелеринин реабилитациялоо борборлоруна жайгаштыруу, анда болуу жана андан чыгарып салуу эрежелери түзөтүү мекемелеринин Ички тартип эрежелерине жана пробациянын кардарларынын социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын аткаруу зарылчылыгына ылайык түзөтүү мекемелеринин администрациясы тарабынан белгиленет.

5. Реабилитациялоо борборлоруна (социалдык жатаканаларга) жиберилген пробациянын кардарларына пробациялык көзөмөл аларда болуунун эрежелерин эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-19)  
Кийинки берене: [201-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-201)
