19-берене. Пробациянын кардарын ишке орноштурууга көмөк көрсөтүү жана анын эмгек иши
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 4-глава
1. Аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда пробациянын кардарларына ишке орношууда жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.
2. Пробациянын кардарларын өздөрүнүн адистигине, кесибине, квалификациясына, көндүмдөрүнө жана ыктарына ылайык ишке орноштурууга көмөк көрсөтүлөт.
3. Ушул берененин 4-бөлүгүндө каралган учурларды кошпогондо, пробациянын кардары иш ордун тандоо укугуна ээ.
4. Сот тарабынан кардарга ишке орношуу милдеттүүлүгү жүктөлгөндө, ага ишке орношуу жөнүндө соттун чечимин же пробация органынын талабын алгандан кийин бир айдын ичинде иш ордун өз алдынча тандоо укугу берилет. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандан кийин пробациянын кардарына сунуш кылынган бош орундар боюнча иш ордун бир жуманын ичинде тандоо укугу берилет. Сунуш кылынган эки бош орунга ишке орношуудан баш тарткан учурда, пробациянын кардары пробация органы тарабынан аныкталган ишке орноштурулат.
5. Коомдук иштерди кошпогондо, пробациянын кардарынын иш берүүчү менен эмгек мамилелери эмгек мыйзамдары (эмгек макулдашуусу) жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынат.
6. Пробациянын кардарынын эмгек күн тартиби көзөмөлдөө талаптарын аткаруу, анын коомдук иштерди аткаруу, окуу, дарылоо курсунан өтүү жана башкалардын зарылчылыгын эске алуу менен белгиленет.
7. Пробация органына келүү күндөрү жана убактысы жол жүрүү убактысын эске алуу менен пробациянын кардарынын иштеген убактысына белгиленет.
8. Пробациянын кардарын административдик-аймактык бирдиктин чегинен сыртка чыгуу менен байланышкан иш сапарга жөнөтүү пробация органы менен макулдашылат.
9. Иш берүүчү пробация органынын суроо-талабы боюнча ага пробациянын кардарынын жумушунун шарттары, эмгек акысы, эмгек тартиби жөнүндө маалыматтарды, мүнөздөмөнү, пробациянын кардары тууралуу пикирин жана башка маалыматты берет.
10. Иш берүүчү пробациянын кардарынын эмгек тартибин бузгандыгы, башка укук бузуулары (алкоголду, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды колдонуусу, пробациянын кардарынын катышуусу менен болгон инциденттер жана окуялар) жана анын жүрүм-турумуна терс таасир этүүчү башка жагдайлар жөнүндө пробация органына жазуу жүзүндө билдирет.
11. Пробациянын кардары иштеген жеринен пробация органын жазуу жүзүндө кабарлагандан кийин бошотулат.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…убактысы жол жүрүү убактысын эске алуу менен пробациянын кардарынын алынып салынды: иштебеген кошулду: иштеген убактысына белгиленет.
8. Пробациянын кардарын … пробация органын жазуу жүзүндө кабарлагандан кийин бошотулат.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-19" title="19-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>