# 18-берене. Социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 18-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-18

---

1. Сотко чейинки аткаруу, пенитенциардык жана пенитенциардан кийинки пробацияда кайра социалдаштыруу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү максатында пробациянын кардарларына социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

2. Пробациянын кардарларына социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иште а дегенде төмөнкүдөй багыттар боюнча маалыматтык-талдоо иши уюштурулат:

1) бул адамдардын социалдык-психологиялык өзгөчөлүктөрүн аныктоо;

2) алардын социалдык-укуктук жана психологиялык жардамга муктаждыктарын табуу;

3) пробациялык көзөмөлдүн зарыл көлөмүн жана интенсивдүүлүк деңгээлин аныктоо.

3. Маалыматтык-талдоо ишин уюштуруу жана жүргүзүү мезгилинде ушул Мыйзамдын 9-беренесинде көрсөтүлгөн маалыматтарды чогултуу жана талдоо жүзөгө ашырылат.

4. Пробациянын кардарларына социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) мамлекеттик социалдык заказдын алкагында пробациянын кардарларына социалдык кызмат көрсөтүү;

2) социалдык камсыз кылуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жөлөкпулдарды, пенсияларды жана компенсацияларды төлөмдөрдү алууга жардам берүү;

3) моралдык, дөөлөттүк багыт алууларды өзгөртүүгө багытталган психиканы түздөө терапиясы боюнча агрессиядан, адамдар ортосундагы мамиленин көйгөйлөрүнөн арылуу, жабырлануучулар менен жараштыруу боюнча жеке жана топтук, психологиялык тренингдерди жүргүзүү;

4) жеке психологиялык иш;

5) атайын медициналык программаларга катышууга жүйөлөштүрүү;

6) медициналык жана пенсиялык камсыздандырууну жол-жоболоштурууга жардам берүү;

7) социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык социалдык жардам алууга көмөк көрсөтүү.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-19)
