# 17-берене. Социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 17-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-17

---

1. Пробациянын кардарынын муктаждыктарына жараша социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасы (мындан ары - программа) төмөнкүлөр боюнча иш-чараларды камтыйт:

1) социалдык-укуктук жана психологиялык жардам көрсөтүү;

2) ишке орношууга көмөк көрсөтүү;

3) тутумдук эмгек иши менен алектенүү үчүн оң психологиялык багыт алууну калыптандыруу;

4) билим алууга жана кесипке ээ болууга көмөк көрсөтүү;

5) юридикалык жардам берүү;

6) турган жери же жашаган жери боюнча каттоо үчүн зарыл документтерди алууга жардам көрсөтүү;

7) медициналык, социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга, пенсия менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү;

8) социалдык-пайдалуу байланыштарды калыбына келтирүү жана калыптандыруу.

2. Программага пробациянын кардарынын жүрүм-турумунун өзгөрүшүнө жана анын бул программаны жана ушул Мыйзамдын 14-беренесинде каралган планды аткарышына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

3. Пробациянын кардарынын программаны аткаруудан баш тартышы пробация органы тарабынан мөөнөтүнүн жарымы бүткөндөн кийин пробациялык көзөмөлдү алып салуу, жазадан жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын алмаштыруу, сот белгилеген милдеттерди жарым-жартылай же толук алып салуу жөнүндө сунуштарды даярдоо тууралуу чечимдерди кабыл алууда, ошондой эле пробациянын кардары тарабынан пробациялык көзөмөл планын аткарылышы жөнүндө корутундуну түзүүдө эске алынат.

4. Программанын иш-чараларын аткаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана кызмат адамдарына жүктөлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-18)
