# 16-берене. Пробациянын кардарларына кайра социалдаштырууга жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууга көмөк көрсөтүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 16-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-16

---

1. Аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробацияда пробация органы, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары пробациянын кардарларына кайра социалдаштырууда жана оор турмуштук кырдаалдан чыгууда көмөк көрсөтөт, ал жеке мамиле жасоого, пробациянын кардарынын ким экендиги жана муктаждыктары жөнүндө маалыматты талдоого негизделген.

2. Маалымат чогултуу ушул Мыйзамдын 9-беренесинде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Маалымат жана ага баа берүү пробация органы тарабынан иштелип чыгуучу социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасында чагылдырылат.

4. Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмдөрү жана ведомствого караштуу мекемелер пробациянын кардарларына мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү мыйзамдарга ылайык берет.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-17)
