# 15-берене. Тарбиялык таасир этүү

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 15-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-15

---

1. Аткаруу жана пенитенциардан кийинки пробация мезгилинде пробация органдары тарабынан пробациянын кардарларына тарбиялык таасир этүү жүзөгө ашырылат.

2. Тарбиялык таасир этүү пробациянын кардарында укуктун чегинен чыкпаган жүрүм-турумду калыптандырууга, коомдо жүрүм-турумдун жалпы кабыл алынган эрежелерин сактоого, моралдык баалуулуктарга үйрөтүүгө, билим жана маданий деңгээлин жогорулатууга, маселелерди өз алдынча чечүүгө багыт алууга, ошондой эле пробациянын кардарларынын жасалган укук бузуунун укукка карты экендигин аңдап-түшүнүшүнө багытталган.

3. Тарбиялык таасир этүү төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) алдын ала маектешүүлөрдү жүргүзүү;

2) коомдук иш-чараларга катышуу;

3) маалыматтык жана маданий-агартуу иш-чаралары (социалдык мааниси бар оорулардын тобокелдиктери жана пробациянын кардарларынын укукка каршы жүрүм-турумунун кесепеттери жөнүндө маалымдоо, жашоонун сергек мүнөзүн жайылтуу);

4) лекцияларды, тренингдерди, семинарларды уюштуруу.

4. Коомдук-тарбиялоо иш-чараларына коммерциялык эмес уюмдар, пробациянын кардарларынын туугандары, волонтерлор жана алардын жүрүм-турумуна оң таасир этүүчү башка адамдар тартылат.

5. Тарбиялык таасир этүү иш-чаралары пробациянын кардарларын жумушунан, окуусунан, социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасында каралган иш-чаралардан бошотпостон жүргүзүлөт.

6. Пробациянын кардары менен иштөө ыкмаларын тандоодо тарбиялык таасир этүү чараларын колдонуу таасир этүүнүн мажбурлоо чараларына басымдуулук кылат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-16)
