# 14-берене. Пробациялык көзөмөлдүн планы

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 14-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-14

---

1. План ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын эске алуу менен түзүлөт.

2. План өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:

1) жазык жана жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген көзөмөлдөө талаптарын аткаруу тартибин жана шарттарын;

2) сот тарабынан белгиленүүчү милдеттерди жана пробация органынын көзөмөлдүк талаптарын;

3) сот жана пробация органы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун тартибин жана шарттарын;

4) пробациянын кардарына волонтерду бекитүүнү жана алардын өз ара мамилесинин тартибин;

5) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Кардардын планды аткаруусунун натыйжалары пробация органынын корутундусунда чагылдырылат.

4. Планга пробациянын кардарынын жүрүм-турумуна жана план менен социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасынын аткарылышына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

5. Пробациянын кардарынын планды аткарбагандыгы жазык жана жаза аткаруу мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза укуктук кесепеттерге алып келет.

6. Пландын иш-чараларын аткаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен пробация органдарынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына жүктөлөт.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-15)
