14-берене. Пробациялык көзөмөлдүн планы
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. План ушул Мыйзамдын 17-беренесинде каралган социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасын эске алуу менен түзүлөт.
2. План өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жазык жана жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген көзөмөлдөө талаптарын аткаруу тартибин жана шарттарын;
2) сот тарабынан белгиленүүчү милдеттерди жана пробация органынын көзөмөлдүк талаптарын;
3) сот жана пробация органы тарабынан жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун тартибин жана шарттарын;
4) пробациянын кардарына волонтерду бекитүүнү жана алардын өз ара мамилесинин тартибин;
5) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кардардын планды аткаруусунун натыйжалары пробация органынын корутундусунда чагылдырылат.
4. Планга пробациянын кардарынын жүрүм-турумуна жана план менен социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасынын аткарылышына жараша өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
5. Пробациянын кардарынын планды аткарбагандыгы жазык жана жаза аткаруу мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза укуктук кесепеттерге алып келет.
6. Пландын иш-чараларын аткаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жардамы менен пробация органдарынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына жүктөлөт.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…менен түзүлөт.
2. План өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жазык жана алынып салынды: жазык-аткаруу кошулду: жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген көзөмөлдөө талаптарын аткаруу тартибин жана … волонтерду бекитүүнү жана алардын өз ара мамилесинин тартибин;
5) алынып салынды: пробациянын кардарына социалдык-укуктук жардам көрсөтүүнүн жеке программасынын болушун;
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. Кардардын планды аткаруусунун натыйжалары пробация органынын … мүмкүн.
5. Пробациянын кардарынын планды аткарбагандыгы жазык жана алынып салынды: жазык-аткаруу кошулду: жаза аткаруу мыйзамдарында каралган алынып салынды: жазык-укуктук кошулду: кылмыш-жаза укуктук кесепеттерге алып келет.
6. Пландын иш-чараларын аткаруу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алынып салынды: аймактык бөлүмдөрүнүн кошулду: жардамы менен пробация органдарынын жетекчилерине жана кызмат адамдарына жүктөлөт.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-14" title="14-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>