# 12-берене. Пенитенциардан кийинки пробация

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 12-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-12

---

1. Пенитенциардан кийинки пробация - түзөтүү мекемелеринен мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга карата колдонулуучу жана аларды кайра социалдаштыруу максатында социалдык колдоо көрсөтүү боюнча иш жүргүзүүдөн турган пробация.

2. Мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулган адамдарга карата түзөтүү мекемелеринде жүргүзүлүп келген социалдык колдоо жана кайра социалдаштыруу боюнча иш-чаралар улантылат.

3. Түзөтүү мекемелеринен бошотулган адамдар жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте жашаган жерине акысыз жетүү, тамак-аш азыктары же акча, сезонго жараша зарыл кийим жана бут кийим менен камсыз кылынат.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-13)
