# 11-берене. Пенитенциардык пробация

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 11-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-11

---

1. Пенитенциардык пробация - соттолгондорго карата колдонулган пробация болуп саналат жана мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, түзөтүү мекемелеринин администрацияларына, коммерциялык эмес уюмдарга жана пробациянын кардарларына соттолгон адамдарды түзөтүү мекемелеринен бошотууга даярдоодо жардам көрсөтүүдөн турат.

2. Адамдарды бошотууга даярдоодо пробация органдары тарабынан жардам көрсөтүлөт жана төмөнкүлөр боюнча чаралар көрүлөт:

1) жоготулган документтерди (паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочунун күбөлүгү, пенсиялык күбөлүк, билими жөнүндө диплом же аттестат жана башкалар) жана жоготулган укуктарды (менчик укугу, жөлөкпул жана пенсия алууга укук, турак жайга укук, мураска укук жана башкалар) калыбына келтирүү;

2) андан ары ишке орноштуруу үчүн кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү максатында башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен байланыштарды түзүү;

3) соттолгондорго бош орундар жана иш ордун тандоо жөнүндө маалыматтарды берүү үчүн калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдар менен байланыштарды түзүү, аларды калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдарда каттоого көмөк көрсөтүү;

4) социалдык турак жайды издөө жана алуу үчүн мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жана башка уюмдар жана мекемелер менен байланыштарды түзүү;

5) оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарга кызматтарды көрсөтүүчү коммерциялык эмес уюмдар менен байланыштарды түзүү;

6) (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7) медициналык жана пенсиялык камсыздандыруу менен камсыз кылуу;

8) бошотулгандан кийин эсепке коюу жана дарыланууну улантуу үчүн медициналык мекемелер менен байланыштарды түзүү;

9) мыйзамдарда каралган башка чаралар.

3. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-12)
