# 1-берене. Пробациянын максаттары жана милдеттери

- Документ: [Пробация жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111517)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 24-февралындагы № 34 "Пробация жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 34
- Кабыл алынган күнү: 24.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.08.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517#diff=1103350..1103351>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2335/edition/1103349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111517/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Пробация жөнүндө, 1-берене (07.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-1

---

1. Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууларды жасоосун эскертүү пробациянын максаттары болуп саналат.

2. Пробациянын милдеттери:

1) коомдон обочолонтууга байланышпаган жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу;

11) укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жаза чараларынын түрлөрүн аткаруу;

2) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу (мындан ары - эркиндигинен ажыратуу) түрүндө жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;

3) жүрүм-турумду түзөө, укукка баш ийген жашоо ыңгайын калыптандыруу;

4) пробациянын кардарынын ким экендигин иликтөө, социалдык-психологиялык портретти түзүү;

5) пробациянын кардарларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу;

6) пробациянын кардарын жабырлануучу менен жараштыруу;

7) пробациянын кардарлары тарабынан укук бузуулардын жасалышын алдын алуу;

8) социалдык жана реабилитациялык программаларды ишке ашырууну координациялоо;

9) тескери мүнөздөлүүчү пробациянын кардарларынын башка пробациянын кардарларына терс таасир этүүсүн жокко чыгаруу;

10) пробациянын кардарларына карата коомдун стигмасын жокко чыгаруу жана андан арылуу.

(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111517/st-2)
