1-берене. Пробациянын максаттары жана милдеттери
Күчүндө · 07.08.2024 редакциясы · 1-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126
1. Коомдун жана мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, пробациянын кардарларын түзөө жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү, алардын жаңы укук бузууларды жасоосун эскертүү пробациянын максаттары болуп саналат.
2. Пробациянын милдеттери:
1) коомдон обочолонтууга байланышпаган жазык жазаларын жана кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу;
11) укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жаза чараларынын түрлөрүн аткаруу;
2) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу (мындан ары - эркиндигинен ажыратуу) түрүндө жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
3) жүрүм-турумду түзөө, укукка баш ийген жашоо ыңгайын калыптандыруу;
4) пробациянын кардарынын ким экендигин иликтөө, социалдык-психологиялык портретти түзүү;
5) пробациянын кардарларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу таламдарын камсыз кылуу;
6) пробациянын кардарын жабырлануучу менен жараштыруу;
7) пробациянын кардарлары тарабынан укук бузуулардын жасалышын алдын алуу;
8) социалдык жана реабилитациялык программаларды ишке ашырууну координациялоо;
9) тескери мүнөздөлүүчү пробациянын кардарларынын башка пробациянын кардарларына терс таасир этүүсүн жокко чыгаруу;
10) пробациянын кардарларына карата коомдун стигмасын жокко чыгаруу жана андан арылуу.
(КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон Кыргызской Республики от 28 октября 2021 года № 126 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о правонарушениях и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
28.10.2021 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…коомдон обочолонтууга байланышпаган жазык жазаларын жана алынып салынды: жазык-укуктук кошулду: кылмыш-жаза укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын алынып салынды: жазык кошулду: жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте кошулду: аткаруу;
11) укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте жаза чараларынын түрлөрүн аткаруу;
2) белгилүү бир мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу (мындан ары - эркиндигинен ажыратуу) түрүндө жазадан шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган кошулду: адамдарга, ошондой эле жазаны аткаруусу кийинкиге калтырылган адамдарга көзөмөлдү жүзөгө ашыруу;
3) жүрүм-турумду түзөө, укукка баш … карата коомдун стигмасын жокко чыгаруу жана андан арылуу.
кошулду: (КР 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111517/st-1" title="1-берене - Пробация жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>