# 8-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонулушу

- Документ: [Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111514)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-январындагы № 7 "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2332/edition/1194156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111514/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө, 8-берене (04.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-8

---

1. Ушул Мыйзамдын 7-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштарды кошпогондо, мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонулушу ал күчүнө кирген күнгө чейин жасалган бардык кылмыштарга жайылтылат.

2. Мунапыс берүү созулган жана андан ары улантылган кылмыштарга, эгерде алар мунапыс берүү жөнүндө мыйзам, мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин бүткөн, токтотулган же үзүлгөн болсо, жайылтылбайт.

3. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзамды колдонуу жөнүндө маселе аны колдонуу үчүн каралган мөөнөттөр өткөндөн кийин келип чыккан учурда (соттолгондун аракеттеринин юридикалык квалификациясы өзгөрүшүнө жараша) соттолгонго карата мунапыс берүү актысы көрсөтүлгөн мөөнөттөр өткөндөн кийин колдонулушу мүмкүн.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-9)
