# 6-берене. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам колдонулбаган соттолуучулардын жана соттолгондордун чөйрөсү

- Документ: [Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111514)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-январындагы № 7 "Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 7
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2332/edition/1194156/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111514/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө, 6-берене (04.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-6

---

1. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам төмөнкү соттолуучуларга жана соттолгондорго карата колдонулбайт:

1) мурда мунапыс берүү же ырайым кылуу колдонулгандарга;

2) өмүр бою эркиндигинен ажыратууга соттолгондорго;

3) эки же андан ашык кылмыш жасагандарга, эгерде алардын жок дегенде бирөө мунапыс берүү жөнүндө мыйзамдын колдонушуна туура келбесе;

4) аларга карата тарбиялоо же медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары колдонулгандарга;

5) жазаны өтөө режимин кыянаттык менен бузгандар деп таанылгандарга.

2. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам аларга карата коопсуздук чаралары колдонулган соттолуучуларга же соттолгондорго жайылтылбайт.

3. Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам кылмыштык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чаралары колдонулган юридикалык жактарга колдонулбайт.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111514/st-7)
