# 6-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2331/edition/850763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111513/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 6-берене (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-6

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын 4-беренесинин 3-бөлүгү 2018-жылдын 1-январына чейин колдонулат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө:

1) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын инвентаризациялоону жүргүзсүн;

2) ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстерине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына мыйзамдарды ылайык келтирүүгө багытталган мыйзам долбоорлорун даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

3) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик, Административдик-процесстик кодекстерине, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-5)
