# 4-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 20-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 6
- Кабыл алынган күнү: 20.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2331/edition/850763/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111513/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексин, "Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонууга киргизүү жөнүндө, 4-берене (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-4

---

1. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк инстанциялардагы сотторго 2017-жылдын 1-июлуна чейин келип түшкөн доо арыздары (арыздар) жана даттануулар (сунуштамалар) "Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 29-декабрындагы № 147 Мыйзамы менен колдонууга киргизилген, кийин өзгөртүүлөр жана толуктоолор кошулган Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин (мындан ары - 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекс) нормаларына ылайык, тиешелүү инстанциядагы сотто каралууга жатат;

2) биринчи, апелляциялык, кассациялык жана көзөмөлдүк инстанциялардагы соттордун өндүрүшүндө 2017-жылдын 1-июлуна карата турган иштер 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин нормаларына ылайык, тиешелүү сот инстанциясында каралууга жатат;

3) биринчи инстанциядагы соттордун 2017-жылдын 1-июлуна чейин мыйзамдуу күчүнө кирген жана кассациялык тартипте даттанылбаган актылары тараптар жана ишке катышуучу башка жактар (мындан ары - процесстин катышуучулары) тарабынан 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 3372-статьясынын 2-пунктунда каралган мөөнөттө апелляциялык тартипте даттанылат;

4) областтык жана аларга теңдештирилген соттордун 2017-жылдын 1-июлуна чейин чыгарылган жана көзөмөлдүк тартипте даттанылбаган актылары процесстин катышуучулары тарабынан 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 344-статьясында каралган мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда кассациялык тартипте даттанылат.

2. Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодекси жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекси күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттордун 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 25, 37, 38-главаларында каралган иштер боюнча 2017-жылдын 1-июлуна чейин акыркы формада чыгарылган актылары процесстин катышуучулары тарабынан, ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодекске ылайык даттанылат;

2) биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттордун сот аткаруучунун актыларына жана аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу тууралуу иштер боюнча 2017-жылдын 1-июлуна чейин акыркы формада чыгарылган актылары ушул Мыйзам менен колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинде каралган тартипте даттанылат.

3. 2017-жылдын 1-июлуна чейин чыгарылган сот актыларына карата апелляциялык жана кассациялык даттануу бергендик үчүн мамлекеттик алым алуу 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 98-статьясынын 1-пунктунда каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

4. Жогору турган инстанция жаңы кароого жөнөткөндө иш Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине жана Кыргыз Республикасынын Административдик-процесстик кодексине ылайык каралат. Мында мамлекеттик алымды алуу 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин 98-статьясынын 1-пунктунун эрежелери боюнча жүргүзүлөт. Ушул норма иш жаңы кароого жиберилген инстанцияга карата гана жайылтылат.

5. Колдонууга киргизилип жаткан Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексинин 108, 153, 174, 216, 217-беренелеринде каралган медиация жөнүндө нормалардын жоболору "Медиция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып колдонулат.

6. Административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдарынын токтомдорун толук же айрым бөлүгүндө жараксыз деп таануу тууралуу арыздар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодекси күчүнө киргенге чейин, 1999-жылдын 29-декабрындагы Жарандык процесстик кодекстин эрежелерине ылайык каралат.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111513/st-5)
