# КР 2017-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2017-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 4
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111511>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2329/edition/768511/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111511.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2017-жылдын 18-январындагы № 4 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (18.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111511

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2017-жылдын 18-январы № 4 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111511/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, ст.77) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 364-статьяда:

а) 1-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен эсептешүү көрсөткүчүнүн он беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга же болбосо беш суткага администрациялык камакка алууга алып келет.";

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы "эки" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;

2) 365-статьянын экинчи абзацындагы "бир" деген сөз "он" деген сөзгө алмаштырылсын;

3) 366-статьяда:

а) 1-бөлүктө:

- биринчи абзацтагы "гүлбактарда," деген сөздөрдөн кийин "көп батирлүү турак жай үйлөрүнүн короолорунда," деген сөздөр менен толукталсын;

- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен он эсептик көрсөткүчтөргө чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

б) 2-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен ондон жыйырмага чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

в) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"сегиз саатка коомдук иштерге тартуу менен жыйырмадан отузга чейинки эсептик көрсөткүчтөр өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.";

г) 4-бөлүктүн экинчи абзацындагы "бирден экиге чейинки" деген сөздөр "ондон жыйырмага чейинки" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. 367-статьянын экинчи абзацындагы "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111511/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
