Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 23 января 2025 года № 24 "О введении в действие Трудового кодекса Кыргызской Республики и внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере труда"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-01-23.
Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 23-январындагы № 24 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 30-декабры № 228 Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2006-ж., № 4, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 297-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"297-статья. 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерди кызматтык иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштетүүгө, түнкү убакта, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүндө жумушка тартууга тыюу салуу 18 жашка чейинки курактагы кызматкерлерди кызматтык иш сапарга жиберүүгө, мөөнөтүнөн ашык иштетүүгө, түнкү убакта, дем алыш жана жумушчу эмес майрам күндөрүндө жумушка тартууга тыюу салынат (Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген кесиптердин тизмегине ылайык жалпыга маалымдоо каражаттарынын, кинематография, театр уюмдарынын, театрдык жана концерттик уюмдардын, цирктердин чыгармачыл кызматкерлерин жана ата-энелеринин биринин (камкорчунун) жазуу жүзүндөгү макулдугу жана билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты болгондо, алардын ден соолугуна, окуусуна жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирбеген чыгармаларды жаратууга жана (же) аткарууга (көрсөтүүгө) катышкан башка адамдарды; кесипкөй спортчуларды кошпогондо).";
2) 397-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2 жана 3-бөлүктөр менен толукталсын:
"Маданият жана искусство жаатындагы мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын чыгармачыл кызматкерлери, жетекчилери жана адистери менен эмгектик мамиленин негизги формасы эмгек келишими болуп саналат. Маданияттын мамлекеттик уюмдарынын пенсия курагындагы кызматкерлери менен ушул Кодекстин 55-статьясына ылайык мөөнөттүү эмгек келишими түзүлөт.".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Ш. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексиКодекс · 04.08.2004 · № 106 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын эмгек чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 23.01.2025 · № 24
- Трудовой Кодекс Кыргызской РеспубликиКодекс · 04.10.1997 · № 70 · Күчүн жоготкон