# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111506)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 29-декабрындагы № 227 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 227
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111506/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2324/edition/767818/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111506/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111506/st-2

---

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж, № 4, 195-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3-берене. Жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Жарнак жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, ушул Мыйзамынан жана башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден турат";

2) 5-берененин 4-пунктунун биринчи абзацында "атайын уруксат берүүнү (лицензияны) талап кылса, бирок андай уруксат берүү (лицензия) алынбаса," деген сөздөр "лицензияны жана (же) уруксатты талап кылса, бирок андай уруксат жана (же) лицензия алынбаса" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 7-берененин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"товардын мүнөздөмөсү - анын табияты, курамы, даярдоо ыкмасы жана датасы, арналышы, керектөө касиеттери, колдонуу шарттары, ылайыктуулук сертификатынын же ылайыктуулук жөнүндө декларациянын болушу, тамак-аш продукциясын техникалык регламенттин талаптарына ылайыктуулугун маркалоо жөнүндө, ошондой эле саны жана чыгарылган жери жөнүндө;";

4) 15-беренеде:

а) берененин аталышында "почталык жөнөтүүлөрдөгү" деген сөздөр "коомдук транспорттун аялдамаларындагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

б) 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Жарнакты коомдук транспорттун аялдамаларында таратуу коомдук транспорттун аялдамалары аймагында турган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын уруксаты менен гана жүзөгө ашырылат. Коомдук транспорттун аялдамасына жайгаштырылган жарнак аялдаманын аталышын жаап калбоого тийиш.";

5) 27-берененин 1-пунктунда "жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын зарыл болгон бардык документтерин жана башка материалдарын" деген сөздөр "жарнак берүүчүлөрдүн, жарнак чыгаруучулардын жана жарнак таратуучулардын ишине тийиштүү документтерин жана материалдарын" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 31-берененин 1-пунктунун үчүнчү абзацы, 2-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтары, 3-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;

7) 32-берене күчүн жоготту деп таанылсын.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111506/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111506/st-3)
