# 8-берене. Спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражалары боюнча классификациялоо

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 8-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-8

---

1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерде атаандашуунун тең шарттарын түзүү максатында алардын уюштуруучулары ал мелдештерге катышууга арыз берген паралимпиадачы-спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоону камсыз кылат.

2. Мелдештерге катыша тургандыгы билдирилген спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоонун тартиби, жол-жобосу жана шарттары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча федерациялар тарабынан бекитилүүчү, спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча мелдештердин эрежелеринде камтылууга тийиш. Классификациялоонун аталган тартиби, жол-жобосу жана шарттары Эл аралык паралимпиадалык комитет же анын буга ыйгарым укуктуу түзүмдөрү же тийиштүү эл аралык спорттук федерациялар кабыл алган классификациялоонун тийиштүү тартибинен, жол-жобосунан жана шарттарынан олуттуу айырмачылыктарга ээ болбошу керек.

3. Спорттун ар бир паралимпиадалык түрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн спортчулардын класстарынын саны спорттун ошол түрү боюнча ыйгарым укуктуу комиссия жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү федерация тарабынан аныкталат.

4. Эгерде мелдештердин эрежелеринде башкача аныкталбаса, спортчу майыптык даражасы төмөн катышуучулар менен бир класста спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге чыга алат. Мындай учурларда спортчу ошол мелдештин бүткүл убагында ошол класста калууга тийиш.

5. Спорттун түрү боюнча классификациялык комиссия кеминде үч адистен, анын ичинде медицина жана спорт жаатындагы адистен турууга тийиш. Классификациялык комиссиянын чечими коллегиялык мүнөздө болушу керек. Классификациялык комиссиянын ишинде жекече чечимдерди кабыл алууга жол берилбейт.

6. Эл аралык мелдештерге баруучу спортчулар Кыргыз Республикасынан чыкканга чейин классификацияланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-9)
