8-берене. Спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражалары боюнча классификациялоо
Күчүндө · 29.12.2016 редакциясы · 4-глава
1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерде атаандашуунун тең шарттарын түзүү максатында алардын уюштуруучулары ал мелдештерге катышууга арыз берген паралимпиадачы-спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоону камсыз кылат.
2. Мелдештерге катыша тургандыгы билдирилген спортчуларды алардын функциялык мүмкүнчүлүктөрүнүн даражасы боюнча классификациялоонун тартиби, жол-жобосу жана шарттары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча федерациялар тарабынан бекитилүүчү, спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча мелдештердин эрежелеринде камтылууга тийиш. Классификациялоонун аталган тартиби, жол-жобосу жана шарттары Эл аралык паралимпиадалык комитет же анын буга ыйгарым укуктуу түзүмдөрү же тийиштүү эл аралык спорттук федерациялар кабыл алган классификациялоонун тийиштүү тартибинен, жол-жобосунан жана шарттарынан олуттуу айырмачылыктарга ээ болбошу керек.
3. Спорттун ар бир паралимпиадалык түрү боюнча мелдештерге катышуу үчүн спортчулардын класстарынын саны спорттун ошол түрү боюнча ыйгарым укуктуу комиссия жана спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү федерация тарабынан аныкталат.
4. Эгерде мелдештердин эрежелеринде башкача аныкталбаса, спортчу майыптык даражасы төмөн катышуучулар менен бир класста спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге чыга алат. Мындай учурларда спортчу ошол мелдештин бүткүл убагында ошол класста калууга тийиш.
5. Спорттун түрү боюнча классификациялык комиссия кеминде үч адистен, анын ичинде медицина жана спорт жаатындагы адистен турууга тийиш. Классификациялык комиссиянын чечими коллегиялык мүнөздө болушу керек. Классификациялык комиссиянын ишинде жекече чечимдерди кабыл алууга жол берилбейт.
6. Эл аралык мелдештерге баруучу спортчулар Кыргыз Республикасынан чыкканга чейин классификацияланууга тийиш.
Берененин тексти 29.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111504/st-8" title="8-берене - Паралимпиадалык спорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>