# 7-берене. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдары

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 7-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-7

---

1. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында окуп жаткандар (тарбиялануучулар) үчүн дене тарбиялык-спорттук клубдар, спорттук класстар, ошондой эле спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук топтор түзүлөт.

2. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарында адаптациялык дене тарбия жана спорт боюнча нускоочу-усулчулардын, адаптациялык дене тарбия жана спорт боюнча машыктыруучу-окутуучулардын, дене тарбия жана спорт боюнча башка адистердин кызмат орундары киргизилет.

3. Атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарынын окуучулары республикалык жана эл аралык мелдештерге катышат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-8)
