4-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын паралимпиадалык спортту колдоосу
Күчүндө · 29.12.2016 редакциясы · 2-глава
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын паралимпиадалык спортту колдоосунун формаларына төмөнкүлөр кирет:
1) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын аларга тоскоолдуксуз жетүү талаптарын эсепке алуу менен спорттук объекттерди куруу, реконструкциялоо жана оңдоп-түзөө;
2) муниципалдык менчикте турган спорттук объекттерди күтүү жана түздөн-түз максаты боюнча пайдалануу, аларды электр, жылуулук жана суу менен жабдууну камсыз кылуу;
3) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдардын паралимпиадалык спорт менен акысыз машыгуусу үчүн шарттарды түзүү;
4) тийиштүү аймакта спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук иш-чаралардын календарлык пландарын иштеп чыгуу, бекитүү жана жүзөгө ашыруу;
5) региондук курама командаларды түзүү жана алардын паралимпиадалык спорт боюнча региондук жана башка мелдештерге катышуусун камсыз кылуу;
6) паралимпиадалык спорт менен машыгуучу адамдарды медициналык контролдон өткөрүүнү уюштуруу, ошондой эле тийиштүү аймакта өткөрүлгөн спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук иш-чараларды медициналык камсыз кылуу;
7) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептерди, паралимпиадалык резервдеги балдар-өспүрүмдөр спорттук мектептерди, спорттук клубдарды, башка адистешкен дене тарбиялык-спорттук мекемелерди түзүү;
8) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү - таяныч-кыймылдоо аппаратында, көрүүсүндө, интеллектинде бузулуулары бар адамдар үчүн парктарда, токой-парктарда, турак кичирайондордо, жатаканаларда, короолордо, шаар четиндеги эс алуу базаларында жана алар жашаган жана эс алган башка жерлерде спорттун паралимпиадалык түрлөрү менен машыгуу үчүн шарттарды бул адамдардын денебойлук мүмкүнчүлүктөрү чектелүүлүгүн эсепке алуу менен түзүү.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү эсепке алуу менен, өздөрүндө материалдык ресурстары жана финансылык каражаттары бар болгондо паралимпиадалык спортко башка колдоолорду көрсөтүүгө укуктуу.
Берененин тексти 29.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111504/st-4" title="4-берене - Паралимпиадалык спорт жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>