# 2-берене. Паралимпиадалык спорттун негизги принциптери

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 2-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-2

---

Кыргыз Республикасында паралимпиадалык спорттун негизги принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүнүн гуманисттик мүнөзү, бүтүндөй спортту өнүктүрүүнүн шарттарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө карата паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө бирдей шарттарды жана мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу;

2) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катыша жана машыга алышы үчүн спорттук курулмалардын жеткиликтүү болушу;

3) ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын паралимпиадалык спорт менен алектенүү укуктарын камсыз кылууга мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, спорттук уюмдардын, ошондой эле кызмат адамдарынын жоопкерчилиги;

4) окуу-машыктыруу сабактарына, спорттук жана спорттук оюн-зоок иш-чараларга катышуучу ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коопсуздукту камсыз кылуу;

5) паралимпиадалык кыймыл жаатындагы Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин урматтоо жана сактоо;

6) паралимпиадалык спортту камсыз кылуунун эң мыкты эл аралык стандарттарына жана нормаларына багыттоо;

7) спорт жаатындагы мамлекеттик бийлик органдарынын паралимпиадалык спорт жаатындагы коомдук спорттук уюмдарды паралимпиадалык спорттун таламдарын козгогон чечимдерди иштеп чыгууга милдеттүү түрдө тартуу аркылуу алар менен өз ара аракеттенүүсү.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-3)
