# 15-берене. Аткаруу бийлик органдарынын, дене тарбия-спорттук уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын паралимпиадалык спортту пропагандалоого катышуусу

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 15-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-15

---

1. Дене тарбия жана спорт, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык өнүктүрүү жаатындагы аткаруу бийлик органдары, паралимпиадалык спорт жаатындагы спорттук уюмдар, жалпыга маалымдоо каражаттары дене тарбиялык-спорттук реабилитациялоонун, социалдык адаптациялоонун жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды турмушка аралаштыруунун маанилүү каражаты катары анын өзгөчөлүгүн жана социалдык маанисин эске алуу менен паралимпиадалык спортту пропагандалоонун багыттарын, формаларын жана ыкмаларын аныктайт.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттары, анын ичинде телерадио корпорациялар, газеталар, журналдар, башка мезгилдүү басылмалар паралимпиадалык спорт жаатында актуалдуу материалдар боюнча берүүлөрдү жана макалаларды үзгүлтүксүз жарыялоону уюштурат, ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарда дене тарбия көнүгүүлөрү, паралимпиадалык спорт менен машыгууга, сергек жашоо ыңгайына керектөөлөрдү калыптандырат.

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-16)
