# 14-берене. Паралимпиадалык спортту финансылык камсыз кылуу

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 14-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-14

---

Паралимпиадалык спортту финансылык камсыз кылуу төмөнкүдөй жолдор менен жүзөгө ашырылат:

1) республикалык жана жергиликтүү бюджетте дене тарбия жана спортту өнүктүрүүгө каралган каражаттардын кеминде 3 пайызын паралимпиадалык спортту өнүктүрүүгө бөлүү;

2) паралимпиадалык спорт уюмдарын спорттук шаймандар жана жабдуулар менен камсыз кылуу;

3) паралимпиадалык спортту өнүктүрүүнүн программаларын финансылоо;

4) спорттук-массалык иш-чараларды финансылоо;

5) паралимпиадалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

6) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий дене тарбиялык-ден соолукту чыңдоочу жана спорттук иш-чараларды өткөрүүнү уюштуруу;

7) жергиликтүү балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептерди, спорттук мектептердеги жана башка спорттук багыттагы уюмдардагы спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча бөлүмдөрүн жана топторун, ошондой эле атайын (коррекциялык) билим берүү уюмдарындагы спорттук класстарды спорттук шаймандар жана жабдуулар, спорттук кийим-кече менен камсыз кылуу.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-15)
