# 13-берене. Социалдык кепилдиктер

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 13-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-13

---

1. Мамлекет паралимпиадалык спортто жөндөмдүүлүктөрүн көрсөткөн жарандарга кепилденген көмөктү төмөнкүлөр аркылуу көрсөтөт:

1) Паралимпиадалык оюндарды кошуп алганда эл аралык спорттук мелдештерге улуттук курама команданын атынан чыгуу мүмкүнчүлүгүн берүү;

2) спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча улуттук курама командалардын мүчөлөрүнө атайын мамлекеттик стипендияларды белгилөө;

3) Паралимпиадалык оюндарга, Азиялык Пара оюндарга катышуунун жыйынтыктары боюнча акчалай сыйлоо.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздүк каражаттарынын эсебинен, мамлекетке өзгөчө эмгек сиңирген, көрүнүктүү паралимпиадачы-спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктарды белгилейт жана турак жай-тиричилик шарттарын жакшыртат.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-14)
