# 12-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу программалары

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 12-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-12

---

1. Дене тарбия жана спорт уюмдарында спорттун ар кандай паралимпиадалык түрлөрү боюнча спортчуларды даярдоо спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча окуу-машыктыруу программаларына ылайык жүргүзүлөт.

2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча типтүү окуу-машыктыруу программалары спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү спорттук федерациялар тарабынан иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

3. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча типтүү окуу-машыктыруу программалары окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү спорттук уюмдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык иштелип чыгат жана атайын илимий-изилдөөлөрдүн жана алдыңкы спорттук практиканын натыйжаларына негизделет.

4. Балдар-өспүрүмдөр спорттук-адаптациялык мектептеринде, башка аталыштагы спорттук мектептерде, спорттук клубдарда, ошондой эле ден соолук мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар менен окуу-машыктыруу процессин жүргүзүүчү башка спорттук уюмдарда окуу-машыктыруу ишин уюштурууга тийиштүү окуу-машыгуу программаларысыз жол берилбейт.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-13)
