# 11-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештерди уюштуруу

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 11-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-11

---

1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий улуттук мелдештер көз карандысыз өзүнчө иш-чара катары уюштурулат жана уюштуруучулук, социалдык-тиричиликтик, эстетикалык жана рухий-адептик жогорку талаптарга жооп берүүгө тийиш.

2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин эрежелеринин сакталышын контролдоону, жеңүүчүлөрдү аныктоону жана спорттук натыйжаларды белгилөөнү спорт боюнча калыстар жүзөгө ашырат.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген тартипте паралимпиадалык спорт уюмдарында атайын даярдыктан жана кайра даярдоодон өткөн спорт боюнча калыстарга спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча расмий мелдештерге калыстык кылууга жол берилет.

4. Эгерде спорттук командасынын катышуусу мелдештер жөнүндө тийиштүү жободо каралган спорттук уюмдун спорттук командасы бул спорттук мелдештерге катышпаса, ушул спорттук уюмга таандык спортсмен бул мелдештерге катышып жаткан кайсы болбосун башка спорттук уюмдун командасынын макулдугу менен анын курамында бул мелдештерге катышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-12)
