# 10-берене. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин календарлык планы

- Документ: [Паралимпиадалык спорт жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111504)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 222 "Паралимпиадалык спорт жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2322/edition/767296/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111504/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Паралимпиадалык спорт жөнүндө, 10-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-10

---

1. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча спорттук мелдештердин календарлык планы республикалык жана эл аралык негизги мелдештердин календарлык планынын курамдык бөлүгү болуп саналат, расмий спорттук мелдештердин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын улуттук паралимпиадалык курама командаларын эл аралык спорттук мелдештерге даярдоо жана катыштыруу боюнча иш-чаралардын тизмесин аныктайт.

2. Спорттун паралимпиадалык түрлөрү боюнча тийиштүү спорттук федерациялар белгилеген нормативдерди аткарган жана тандоолордон өткөн бардык паралимпиадачы-спортчулар спорттук иш-чаралардын календарлык планына киргизилген расмий спорттук мелдештерге катышууга бирдей укуктарга ээ болот.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111504/st-11)
