# 2-берене

- Документ: [Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111502)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 29-декабрындагы № 223 "Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111502/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2320/edition/767283/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111502/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу, 2-берене (29.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111502/st-2

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондундагы квотасын карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 88,8 миллионунан карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 177,6 миллионуна чейин жеткирүү менен көбөйтүүнү жүзөгө ашырсын, мында: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:

- Эл аралык валюта фондунун № 1 эсебин толтурууну эске алуу менен минималдуу калдыкты (квотанын 1 пайызынын ¼ өлчөмүндө) кармап туруу үчүн квотанын көбөйгөн суммасынын 75 пайызын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 66,6 миллионун) төлөө үчүн улуттук валютадагы жөнөкөй векселди чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого өткөрүп берсин;

- бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) пайдаланылган бөлүгүн кайрып берүү үчүн резервдик транштын алкагында квотанын көбөйгөн суммасынын 25 пайызына эквиваленттүү суммада (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) сатып алууну төлөө үчүн улуттук валютадагы жөнөкөй векселди чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого өткөрүп берсин;

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкү ыйгарым укуктар берилсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде турган бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын атынан квотанын көбөйгөн суммасынын 25 пайызын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) төлөө;

- бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) пайдаланылган бөлүгүн кайтаруу үчүн резервдик транштын алкагында квотанын көбөйгөн суммасынын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) 25 пайызына эквиваленттүү суммада карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) сатып алуу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111502/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111502/st-3)
