2-берене
Күчүндө · 29.12.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Эл аралык валюта фондундагы квотасын карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 88,8 миллионунан карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 177,6 миллионуна чейин жеткирүү менен көбөйтүүнү жүзөгө ашырсын, мында: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Эл аралык валюта фондунун № 1 эсебин толтурууну эске алуу менен минималдуу калдыкты (квотанын 1 пайызынын ¼ өлчөмүндө) кармап туруу үчүн квотанын көбөйгөн суммасынын 75 пайызын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 66,6 миллионун) төлөө үчүн улуттук валютадагы жөнөкөй векселди чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого өткөрүп берсин;
- бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) пайдаланылган бөлүгүн кайрып берүү үчүн резервдик транштын алкагында квотанын көбөйгөн суммасынын 25 пайызына эквиваленттүү суммада (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) сатып алууну төлөө үчүн улуттук валютадагы жөнөкөй векселди чыгарсын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына сактоого өткөрүп берсин;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына төмөнкү ыйгарым укуктар берилсин:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын эсебинде турган бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) пайдалануу менен Кыргыз Республикасынын атынан квотанын көбөйгөн суммасынын 25 пайызын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) төлөө;
- бөлүштүрүлгөн карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) пайдаланылган бөлүгүн кайтаруу үчүн резервдик транштын алкагында квотанын көбөйгөн суммасынын (башкача айтканда, карыз алуунун атайын укуктарынын (КАУ) 22,2 миллионун) 25 пайызына эквиваленттүү суммада карыз алуунун атайын укуктарын (КАУ) сатып алуу.
Берененин тексти 29.12.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111502/st-2" title="2-берене - Эл аралык валюта фондунун Башкаруучулар кеңешинин 2010-жылдын 15-декабрындагы № 66-2 резолюциясы менен кабыл алынган Квоталарды он төртүнчү жалпы кайра кароо жана Аткаруучу кеңештин реформасы жөнүндө Эл аралык валюта фондунун макулдашуу беренелерине карата түзөтүүнү ратификациялоо тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>