# КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 221
- Кабыл алынган күнү: 28.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.04.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111500>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2318/edition/840020/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111500.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.04.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2016-жылдын 28-декабрындагы № 221 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (13.04.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111500

---

КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2016-жылдын 28-декабры № 221 Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111500/st-1)

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4873-статьяда:

а) биринчи абзацында ", анын ичинде мейманкана катары" деген сөздөр алып салынсын;

б) статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:

"Көп квартиралуу үйлөрдөгү турак жайларды сааттык жана суткалык мейманкана катары берүү, өткөрүп берүү, пайдалануу - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - жетимиш, кызмат адамдарына - токсон, юридикалык жактарга - жети жүз өлчөмүндө айып салууга алып келет.";

2) 511-статьянын экинчи абзацы "410-статьяларында" деген сөздөрдөн кийин ", 4873-статьясынын экинчи бөлүгүндө" деген сөздөр менен толукталсын.

3) 5341-статьяда "4873," деген цифралар "4873-статьянын биринчи бөлүгүндө," деген сөздөргө алмаштырылсын.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2017-жылдын 28-июнундагы N 11-р чечими

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111500/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

А.Ш. Атамбаев
