# 7-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111496)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2314/edition/862095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111496/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө, 7-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-7

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүлөрдү киргизүүгө укуктуу:

1) эгерде бул Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул Мыйзамдын 1-беренесинде бекитилген сумманын чегинде ушул Мыйзамдын тиркемелерине өзгөртүүлөрдү;

2) тийиштүү органдар тарабынан кабыл алынуучу ченемдик укуктук актылардан, ошондой эле түзүмдүк өзгөрүүлөрдөн, өндүрүштүн көлөмдөрүнүн (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн), баалардын деңгээлинин өзгөрүүлөрүнөн келип чыккан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттери менен республикалык бюджеттин өз ара эсептерине тактоолорду;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдоруна жана/же тескемелерине ылайык кечиктирилгис иш-чараларды аткаруу үчүн ушул Мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө мыйзам долбоору киргизилгенге чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет жана финансы боюнча комитети менен макулдашуу боюнча айына бир жолудан көп эмес алардын булактарын көрсөтүү менен кошумча чыгашаларды каржылоо тууралуу сунуштарды.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-8)
