# 14-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111496)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2314/edition/862095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111496/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө, 14-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-14

---

1. Бюджеттик мекемелер, чарба жүргүзүүчү субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максаттуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттары тиешелүү бюджеттерге өндүрүп алынсын.

Кайтарып берүү негизинде берилген бюджеттик каражаттарды өз убагында кайтарып бербөө жана аларды пайдаланганы үчүн пайыздарды төлөөнүн мөөнөтүн өткөрүп жиберүү аларды кыскартуу, ошондой эле кызмат адамдарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болуп саналат.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлөрдө жайгашкан мекемелерин кошпогондо, мамлекеттик мекемелерге казына тутумун четтеп өтүү менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулганда атайын каражаттардын 100 пайызы Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине алынат.

3. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу каражаттарынан саламаттык сактоо уюмдарын өз убагында каржылоо үчүн зарыл болгон Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттары турган Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын өтмө эсеби 2018-жылдын 1-январына чейин сакталсын.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-15)
