# 12-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111496)
- Толук аталышы: КР 2016-жылдын 22-декабрындагы № 215 "Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2314/edition/862095/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111496/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө, 12-берене (28.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-12

---

1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңөөчү трансферттердин өлчөмү чыгашалардын 1818161,0 миң сом жаппы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2018-2019-жылдарга республикалык бюджетинен теңөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына теңөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.

4. Республикалык бюджеттен теңөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартышат.

5. Мыйзамдар менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде, жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коэффициенттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесинин көбөйүүсү ушул Мыйзам менен бекитилген 2017-2019-жылдарга теңөөчү трансферттердин өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111496/st-13)
