10-берене
Күчүндө · 28.12.2017 редакциясы
1. 2017-жылга чегерүүлөрдүн ченемдери төмөнкүлөрдөн белгиленсин:
1) жалпы мамлекеттик салыктык түшүүлөрдөн: салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан жана шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттери үчүн сатуудан түшкөн салыктан - 50 пайыз өлчөмүндө;
2) ыктыярдуу патент негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттөө негизиндеги салыктан, бирдиктүү салык негизинде түшүүлөрдөн - шаарлардын жана айылдардын жергиликтүү бюджеттеринин тескөөсүнө - 100 пайыз өлчөмүндө;
3) жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу кендерди: алтынды, мунайды, газды кошпогондо, роялти) алардын иштетилген жери (жайгашкан орду) боюнча шаарлардын жана айылдардын тиешелүү жергиликтүү бюджеттерине - 50 пайыз өлчөмүндө;
4) жер казынасын пайдалануу үчүн салыктан (бонустар) республикалык бюджетке - 100 пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
2. Жалпы мамлекеттик салыктар боюнча болжолун ашыра аткаруу суммаларын республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүүнү салыктардын ар бир түрү боюнча пландык түшүүлөрдөн чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдери боюнча жүргүзүү белгиленсин.
3. Жергиликтүү салыктардан жана салыктык эмес жыйымдардан түшүүчү жергиликтүү бюджеттердин кирешелери башка деңгээлдеги бюджетке алынууга жатпайт.
Берененин тексти 28.12.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111496/st-10" title="10-берене - Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджети жана 2018-2019-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>